Өзбекстанда иш учурунда таажывирус жуктуруп алган дарыгерлерге $10 миң төлөнөт

Өзбекстан республикасында эгер дарыгер таажывирус жуктуруп алган болсо, ага 10 миң доллар төлөнөт. Бул тууралуу кечээ, 26-мартта аталган өлкөнүн басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Өзбекстанда 75 адам вирус жуктуруп алган болсо, алардын ичинен 11 адам медициналык кызматкерлер – вирусология илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери.

“Эгерде жумуш учурунда дарыгер таажывирус илдетин жуктуруп алып ден-соолугу начарласа анда ал дарыгерге 10 миң доллар берилет. Ошондой эле башка органдардын кызматкерлерине дагы акча төлөнөт”,- деген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Азыркы учурда Өзбекстанда 75 адам таажывирус илдети менен жабыркап келет.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *