Парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуунун кимге кереги бар?

Өлкөбүздө ар кандай имиштер, божомолдор, түкшүмөлдөр айтыла берет. Башынан аягына чейин саясатташкан биздин коомдо саясый ушактарсыз жашоо кыйын. Алардын арасында таптакыр реалдуулукка жана рационалдуулукка коошпогондору, жөн эле асмандан алынгандары деле аз эмес. Мына ошондойлордун бири – айрым электрондук ЖМКлар тынбай талкуулап жаткан Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркашы жөнүндөгү имиштер.

“Тигил булактан алынды, булар айтты” деген шилтемелер менен алтынчы чакырылыштагы парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркашы жөнүндөгү маселени ага аябагандай кызыккандар же кийинки шайлоодо парламентке келгиси келип жаткандар менен кандай болбосун саясый ызы-чууларды күчөтүп, коомдо саясый туруксуздукту жараткысы келгендердин чыгарып жатышкандары эч кандай шек туудурбайт. Анткени, “бул кимге пайдалуу деген? – классикалык суроого жогоркулардан башкалары ылайык келбейт. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, анын өкмөткө, президентке таптакыр кереги жок. Эл болсо шайлоолордон биротоло жадап бүткөн. Анын үстүнө ансыз деле келерки жылы күзүндө ыйгарымы аяктаганы турган парламентти таркаткандан кандай зарылчылыгы бар? Бул өзү жүрүп бараткан машинени аркасынан түрткөндөй эле куру убаракерчилик. Же жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, босоголук пайыз 9 пайыз болуп калгандыгына айрым аракеттеги эл өкүлдөрү айрыкча бушайман тартышып, ич күптүлөрүн ушундай жолдор менен чыгарып жатышабы?

Эксперттердин, себет көтөргөн аялдардан да көп болуп кеткен серепчилердин болжолдоруна ылайык, жетинчи шайлоодогу парламентке азыркыдай 6 эмес, ашып кетсе, төрт эле партия өтүшү мүмкүн. Кандай калчанбасын парламенттин сапаттык курамында сезилерлик деле өзгөрүү болбойт. Баягы эле базаркомдор, ишкерлер, анан шектүү иштер менен шугулданып жүрүп, кокустан байып кеткендер гана келишет. Муну эл өкүлдөрү Исхак Масалиев, Рыскелди Момбеков дагы маалымат каражаттарына берген маектеринде айтышты. Илим, билим, адабият жана искусство дүйнөсүндөгүлөр үчүн бул парламенттин эшиги деле бекем жабык. Ал “эшикти” ачканга аларда акча жок. Ошондуктан өзүнчө эле дүрбөп, арабанын алдына түшүп жүгүргөндүн эч кимге пайдасы жок.

Башмыйзамга ылайык, парламенттин өз ыктыяры менен таркашы үчүн депутаттардын 3/2синин макулдугу талап кылынат. Алардын үчтөн экиси түгүл, жыйырмадан бири да өз ыктыяры менен парламенттен кетпейт. Ал эми башка жол менен таркатуу үчүн Конституциялык соттун чечими же мамлекет башчысынын чоң кызыкчылыгы болушу зарыл. Андай кызыкчылык да, Конституциялык соттун чечими да жок. Анан кайдан Жогорку Кеңеш таркамак эле?

Тынбай имиштерди таркатып, “чабал өрдөк мурда учат” болуп тынчы кетип жаткандар сегиз ай чыдай турушса, ансыз деле шайлоо кампаниясы башталат. Өздөрүнүн эл арасындагы таасирлерин, каржылык ж.б. мүмкүнчүлүктөрүн ошондо сынашса деле кечигишпейт.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *