Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытайга барды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Тяньцзинь шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы 27-28-июнда өтүүчү «Жайкы Давос-2016» Дүйнөлүк экономикалык форумунун онунчу – юбилейлик жыйынына катышат. Аталган форумундун алкагында Жээнбековдун КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти, профессор Клаус Шваб менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

«Жайкы Давос-2016» экономикалык форумунун кеңешмеси дүйнөлүк 90 мамлекеттин делегациясынын катышуусунда «Төртүнчү өнөр-жай революциясы жана анын өзгөртүүчү таасири» аталышында өтөт.

Эскерте кетсек, «Жайкы Давос-2016» Дүйнөлүк экономикалык форуму алгач ирет 2007-жылы сентябрь айында Кытайдын Ляонин провинциясынын Далянь шаарында өткөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *