Президент кыргыз элине ыраазы

Мындан 13 күн мурда 19-сентябрда Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып өзүн жаман сезип, саламаттыгына байланыштуу Стамбулда калып, 23-сентябрда ден соолугун чыңдоо үчүн Москва шаарына учуп келген өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 1-октябрда Кыргызстанга кайтып келди. Мамлекет башчы кыргызстандыктардын колдоосу күтүүсүз келген сыркоону жеңүүгө күч-кубат бергендигин айтып: “Жүрөгүмдүн капыстан ооруп калышынан улам, күтүүсүз башка түшкөн кыйын кырдаалда мени жана үй-бүлөмдү колдогондордун баарына чын дилимден ыраазычылык билдирем. Мындай учурда айтылган ар бир жылуу сөз, айрыкча ак баталар менен чын көңүлдөн чыккан тилектештик каалоолор өзгөчө кымбат”, – деп билдирди.

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *