Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, мамлекеттик органдардын катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралууда.

Ыкчам штабдын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *