Сапар Исаков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Сапар Исаков кечээ, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жыйындын алдында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен кол алышуу жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды.

Тар курамдагы жыйын жүрүшүндө мындан ары Уюмду өнүктүрүү, ШКУ алкагындагы өлкөлөрдүн өз-ара экономикалык аракеттенүүсү жана коопсуздук маселелери талкууланды.

ШКУ ӨБК жыйынына ШКУга мүчө-мамлекеттердин: Индия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчылары катышууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *