Шекербек Калыков, журналист: “Сөзүн сыйлабаган бийлик, өзүн сыйлабайт”

Маалыматтык саясат өлкөнүн ички-тышкы, экономикалык, социалдык, маданий, аскердик жана коомду өнүктүрүүгө негиз түзгөн саясаттын дал чокусунда турушу кажет. Ансыз эч кандай мамлекеттик реформа натыйжасын бериши күмөн. Бүгүнкү күндө маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан аймактардагы мамлекеттик гезиттерди жоюп, оптималдаштыруу саясаты кызуу жүрүп жатат.

Тилекке каршы, аймакты маалымат менен камсыз кылган журналисттик чөйрө буга карамандан-каршы турганына карабастан, министрликтин өкүлдөрү өз пикирин таңуулап келишет. Чу дегенде эле “ээрге кыйшык отурган” бул саясат нааразы пикирлерди жаратууда. Бийликтин аргументи, жалпак тил менен айтканда, “гезиттин нускасы аз, аларды эч ким окубайт, акчаларды бекер эле талаага чачып жатабыз” деген таризде. Ушул жерде килейген министрлик өзүнүн сөзүн сыйлабаганы билинип калды. Экинчиден, электрондук маалымат каражаттарыдагыраагы интернет, телекөрсөтүү аркылуу маалымат таратууну көздөшүп, өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттен качып жатышат. Гезиттерди жойсо, маселе азаят деген принцип үстөмдүк кылып жаткандай. Тескерисинче, аймактардагы гезиттерди коомго туура багыт берүүчү мамлекеттик курал катары колдонуучу мезгил келди. Тилекке каршы, учурда маалыматтык саясат болуп көрбөгөндөй зарыл болуп турган шартта, ушундай көз карашты карманган министрлик кооптуу кырдаалга маани бербегени өкүндүрөт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө кооптуу кырдаалды жараткан коррупция, терроризм, экстремизм, трайбализм, ар түрдүү диний агымдар, кечээ жылаңач болуп чыга келген феминизм өңдүү чет жактан келип жаткан улуттук баалуулуктарга терс көз карашты жайылткан “измдерди” коммунизмдин карааны деп түшүнбөш керек. Азыр бир айылдагы эки мечиттин имамы чет жактан алган билимине жараша эки ача саясат жүргүзгөнү жашыруун эмес. Улуу Ата мекендик согушта Гитлер деген душман бар экенин эл билсе, азыр кимиси душман, кимиси дос экенин билбеген заманда, “төрт тарабың кыбыла” деп, маалыматтык саясатты коё берген акылга сыйгыс көрүнүш. Маалыматтык саясаты туруктуу өлкө гана туруктуу өнүгүүгө шарт түзөт. Эми райондук гезиттердин зарылдыгы тууралуу ой бөлүшөйүн.

Биринчиден, райондук гезит ошол аймактын эң жакын маалымат каражаты болуп эсептелет. Ошону менен бирге аймактагы калктын үнү. Ким болбосун өзүнүн аймагына же районуна байланышкан маалыматты издейт. Гезит аймактагы жаш таланттардын маданий аянтчасы. Эң башкысы, маданий баалуулуктарды таратуучу маалымат булагы десек болот. Бул вазийпаны министрлик сунуш кылган облустук деңгээлдеги маалымат каражаттары толук ишке ашыра албайт.

Экинчиден, Президент жергиликтүү бийликтерге өз алдынча башкарууга артыкчылык берип жатат. Демек, аймактык гезиттердин социалдык маселелерди чечүүдө ролу зор болмок. Эң маанилүүсү, ар кандай мыйзам актылары басма сөзгө жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет. Буга чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын токтомдору райондук, шаардык гезиттерге жарыяланып, күчүнө кирип келген. Эми кандай болот? Азыркы реформанын “шарапаты” менен гезиттер, анын журналисттери коомдун социалдык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтмөк тургай, өзүлөрү жумушсуз калып, айлык акысы азайып, башаламан саясатка башы айланып турушат. Таң калычтуусу, айлык акыны чектөөдө өткөн кылымдын 80-жылдардага тарифтик сеткалары пайдаланганы. Жумушсуздуктун санын көбөйтүп, айлык акыны төмөндөткөн бул кандай оптималдаштыруу? Мына реформанын үзүрү.

Үчүнчүдөн, экономикалык жактан алып караганда, райондук гезиттерге бөлүнгөн 3 млн сомдун тегерегиндеги каражат деле бюджетти эңшере турган сумманы түзбөйт экен. Министрликтин алдындагы Маалымат жана масеалык коммуникациялар Департаментинин эң башкы максаты Кыргыз Республикасында маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүү экени жобосунда бадырайып жазылып турат. Ошону менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарын, полиграфиялык ишканаларды жана басылма продукцияларын жайылтууну өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет. Тилекке каршы аталган жобо бүгүн теңирден тескери иштей баштады. Эгерде департамент ыңгайлуу шарттарды түзө албаса, албетте, гезиттин нускасы аз болот. Президенттин “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарлыгында не деген ири долбоорлорду камтыган маселелер көтөрүлгөн. Аны элге жеткирүүдө интернеттин алы жетпейт. Ошол эле учурда райондук гезиттердин чамасы чак болгондуктан, Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы аймактардагы маалымат каражаттарынан толук кандуу чагылдырылбай жатканын моюнга алуу кажет. Менин пикиримде,  бардык райондук гезиттерди чыгарууну колго алып, мамлекеттик “Учкун” концернинен гана басууга милдеттендирүү зарыл болчу. Мына ошондо кошумча жумушчу орундары түзүлүп, өндүрүш жанданмак. Ар бир облуста өнүктүрүү фонду бар. Фонддун 10 гана пайызын гезиттерге жазылууга жумшап койсо жетет. Эң башкысы, аймактардагы гезиттерди “Учкунга” байлап, акционерлештирип, акырындык менен реформа жүргүзүү керек болчу. Мына ошондо аймактарды маалымат менен камсыз кылуу саясаты бир борбор биригип, гезиттердин чабалы, мыктысы иргелип калмак. Анан ири холдинг түзөбү, компания болобу, ачык билинмек. Азыр департамент казаны, табагы, кашыгы жок экени аз келгенсип, бышпаган ашка бирөөлөрдү үмүттөндүрүп жатат. Бул туура эмес.

Жакында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков телекөрсөтүү аркылуу райондук гезиттерди оптималдаштыруу саясатын колунан келишинче түшүндүрүүгө аракет кылганы менен көпчүлүк аны колдогон жок. Орун басардын, “Циркте аюу мотоцикл айдап жатпайбы” деп жакшылыкка үмүт арта сүйлөгөнү менен, ошол аюуну циркте момпосуй берип бакканын унутту. Эгерде, аюуга кыргыз бийлиги райондук гезиттерге жасаган мамилени жасап көрсүнчү… Анан дагы “ар биринин колунда телефон бар, ошондон маалымат ала алат” деген түркөй саясатты айтуу уят иш. Маалыматтык саясаттын дагы бир башаламан көрүнүшү кээ бир райондук гезиттер райондук акимчилик аркылуу каржыланса, башкасы министрликке баш ийет. Ошону менен бирге “ким кааласа өзүнчө чыга берсин” деп райондук гезиттерди бөлүп караган чар-жайыт саясат дагы министрликтин башкы милдети болгон бирдиктүү маалыматтык саясатына дал келбей турат.

Азыр Кыргызстан глобалдуу саясатты аныктоодо чоң сыноонун алдында турат. Маалыматтык коопсуздук, экономикалык коопсуздукту сактоодон дагы актуалдуу. Үй-бүлөсү менен азгырылып, Сирияга кетип жаткан жарандарыбыз бар экенин эске алсак, маалыматтык саясатыбыз чабал экенин моюнга алышыбыз абзел. Мамлекеттик саясатты элге жайылтууда мажбурлоо ашыктык кылбайт. Сөзүн сыйлабаган бийлик, өзүн сыйлабайт.

Шекербек Калыков, журналист

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *