Сузакта көп тилдүү билим берүү күчөтүлүүдө

“Сузак районундагы мектептерде көп тилдүү билим берүү багытында иш-аракеттер күчөтүлөт. Бул тууралуу Сузактагы Манас атындагы орто мектебинде райондогу бардык мектеп жетекчилеринин катышуусунда өткөн семинарда белгилүү болду” – деп билдирди Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Семинарда мектептерде билим берүү сапатын жогорулатуу максатында “Көп тилдүү билим берүү – түрдүү мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы” деген тема каралып, бул багыттын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жагы талкууланды. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучуДушанали Токтогуловдун айтымында, билим берүүдөгү жаңы стандарт менен камсыздоонун негизинде окуучулар мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк тилдерди үйрөнүшөт. Көп тилдүүлүк программасы улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө, кесипке багыт алууга, башка улуттардын маданиятын үйрөнүүгө, ошондой эле башка тилдерде да кеңири ой жүгүртүүгө жана ой-пикирин кенен, эркин түшүндүрүүгө мүмкүндүк берет.

-Биз келечек муундарды жаңы багытта окутуп-тарбиялап, алардын келечегине жакшы жол салалы деп жатабыз. Бул жерде мугалим ар бир сабагын кызыктуу өтүп, балдар менен, алардын ата-энелери менен жакындан иштешүүсү керек. Мектеп жетекчилери уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү жогору жана жасаган жумушунан жыйынтык чыгара билүүсү зарыл. Ошондо гана жаңы ийгиликтерди жарата алат, – дейт Д. Токтогулов. Семинарда Манас атындагы мектебинин мугалимдеринин бул программа боюнча жасап жаткан жумуштары туурасында кенен айтылып, атайын слайддар аркылуу мыкты үлгүлөр көрсөтүлдү. Белгилүү болгондой, көп тилдүү билим берүү боюнча бул мектепте пилоттук төрт класс тандалып алынып, анда 16 предмет максаттуу тилдерде окутулуп жатат. Бул багытта мектепте чыгармачылык топ уюштурулуп, анда 16 мугалим семинар- ренингдерден өтүп келишкен. Мектепте окутуунун жаңы усулдарын атайын дисктерге жаздырышып, китепчелерди бастырып чыгарышкан. Эскерте кетсек, Сузак районунда 108 ар кандай профилдеги жалпы билим берүүчү мектептерде 3352 мугалим иштеп жатат. Ошондой эле 37 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *