Талантбек Батыралиев кетсин

Баягы эле Батыралиевдин бүтпөгөн чуусу. Саламаттык сактоо тармагын реформа кылат деп 3-4 жылдан бери бапестеп келген бийликтин үмүтү акталбай калды. Колунан иш келбеген арабөк абалдагы Батыралиев жеке кызыкчылыгын ойлогон бир «шумпай» болуп чыкты. Бирок бийлик эмнегедир дале болсо чара көрбөй жатканы элдин кыжырын кайнатууда. Мына жара акыры жарылгандай, коомчулук Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кызматтан кетирүү боюнча кол топтоп башташты. Мындай талап менен министрдин ишине нааразы болгондор кечээ Ак үй алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Батыралиевдин министрликке өз ишин билбеген кадрларды алып, жеке клиникаларга лицензияларды мыйзамсыз берип жатат деп сындоодо. Буга байланыштуу нааразы тарап жогорку бийлик өкүлдөрүнөн Талантбек Батыралиевди кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Бийлик элдин үнүн угуп, Батыралиевди кызматтан алууга тийиш.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *