Темир Сариев 29-августта «Консул» ресторанында Чүй кланына сый тамак берип, батасын алат

Биздин Темир Сариевдин айланасындагы булактарыбыз билдиргендей, коррупцияга шектелип кызматтан куулган Темир Сариев 29-августта “Консул” ресторанында  Чүй кланынын билермандарын чакырып,  сый тамак берет.

Анда ал тыныгуудан чыгып, кайрадан саясатка бет алганын, ошондуктан ага колдоо керектигин билдирип, келгендердин батасын алат.  Аймактын “ишенген кожосу сууга агып” , бийликти алдырып коюу коркунучуна кептелгенин ачык айтып, “Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарууга” чакырат.

Эгер Темир Сариевге Атамбаев жакын арада бир кызмат кармата койбосо “Ичтен чыккан ийри жылан”  мени жайлады” деп ыйлап калышы да мүмкүн.

Булак: Кyrgyztoday.kg

2 comments

  • Абдыкерим says:

    Атамбаевдин тетири батасы тийип калбагай эле. Темир темингенди эмне кылат экен, басмайылы Атамбаевдин жуушанынын жаагында турганда.

  • Орунбек Жаанбаев. says:

    Менин оюмча Темир Аргембаевич унчукпай үйүндо отура бербеши керек.Ал өзүнүн күнөөлүү эместигин айгинелеш керек сөзсүз. Байкашымча аны Премьерлик иштен туура эмес эле алып коюшкан. Себеби ал чыгаан саясатчылдыгы мыкты чарбакерлиги менен ушул кызматка башка мурунку адамдарга караганда төп келип турган инсан эле деп ойлойм. Ошондуктан ал Эл алдында өзүн актагандыгы туура.Бирок менин сунушум Темир Аргембаевич эч убакта өзүнө да Кыргыз Өлкөсүнө да Калың журтка да жагымсыз иштердин болуп кетишинен өтө сак болот деген терең ишеничтемин. Мен Темир Аргембаевичке ишенем өтө таразалап иш кылат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *