Темир Сариев камалабы?

Бийликтин садагасына чабылган Темир Сариев Балыкчы-Корумду унаа жолу боюнча мыйзамсыз өткөрүлгөн тендер боюнча кылмыш козголуп камакка алынышы мүмкүн экен. Анткени, Темир Сариевдин саясаттагы акыркы жүрүштөрү аябай катуулап, элдин кадыр-баркына ээ бо­луп кетиптир. Анын кызматтан кетүүсүнө тендер себепкер эмес, дал ушул саясий рейтингинин жогорулаганы экени бештен белгилүү болду окшойт. Тендер жөн гана шылтоо болду. Сариевдин саясаттагы салмагы дагы өйдөлөп кетпеши үчүн ага карата кылмыш иши козголоору туурасында жогору жакта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын эшиттик. Ошону менен Темикенин саясаттагы карьерасына балта чабылат окшоп калды. Кудум эле Карганбек Самаковдун тагдырын кайталайт окшойт.

 

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *