ТИМ: Бишкекке Кореядан жана Филиппинден 58 Кыргыз жараны кайтып келди

Тышкы иштер министрлиги Кореядан жана Филиппинден 58 Кыргыз жараны келгенин маалымдады. Мекендештерибиз бүгүн, 29-майда Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишти.

Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргыз жарандарын жана өлкөдөн Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган. Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Президент жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, чет өлкөлөрдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө улантылууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *