Түркияда машинанын багажына жашынган кыргызстандык аял кармалды

Түркиянын чек арасындагы унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн (багажынан) кыргызстандык аял табылды. Бул тууралуу Haberler.com агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, контрабандага шектелип Грузиянын жаранынын унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анын жүрүшүндө унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн кыргызстандык 28 жаштагы аял табылган. Ал Түркияга кирүүгө аракет кылган. Кармалган аял депортацияланат.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *