УКМК: Кыргызстандын аймагына күйүүчү жана майлоочу материалдарын мыйзамсыз алып кирген каналына тыюу салынды

13-декабрда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мурун катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында
Казакстандан темир жол аркылуу Кыргызстандын аймагына салык төлөмдөрүнөн качуу максатында «бензанол» чийки зат
компоненти түрүндө кирген күйүүчү жана майлоочу материалдардын контрабандалык каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМкнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 13-декабрда УКМК ККК кызматкерлери тарабынан «Кара-Балта» темир жол станциясынан 240 тонна
«бензанол» жүктөлгөн 4 цистерна-вагон кармалды. Өтөрүлгөн экспертизанын негизинде аталган вагондордогу заттар А-92 маркасындагы бензин экендиги аныкталды.

Ошондой эле, Темир жол станциясынын аймагында жасалма жүк ташуучу документтери менен Республиканын түштүк областтарындагы май күйүүчү жайларга жүк ташый турган 5 автобензин ташуучу унаалар кармалды.

Аталган майлоочу жана күйүүчү майларды мыйзамсыз ташуудагы аталган каналды жок кылууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 16-декабрда 120 тонна «бензанол» жүктөлгөн дагы 2 вагон кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизнде төлөнбөгөн салыктар эсептелүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *