Унгар-Тоого басып киришкен өзбек аскерлери Унгар-Тоодон чыгып кетүү шарттарын айтышты

Бүгүн, 22-августта Аксы районунун Мамай айылында Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Алар Унгар-Тоодо бүгүн түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Бул тууралу КР Чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстан тараптан сүйлөшүүлөргө КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Ала-Бука багыты боюнча өкүлү подполковник Бакытбек Жангазиев катышкан.

Бүгүн, 22-августта Аксы районунун борбору Кербен шаарына жанаша турган кыргыздын Унгар-Тоосуна Өзбекстан Ички иштер министрлигине караштуу куралчан 7  аскер вертолет менен басып кирип келишкен.

Кыргызстан тарап Өзбекстандан бул мыйзасыз басып кирүүгө түшүндүрмө берүүнү жана өзбек аскерлери тез тоодон түшүп кетүүсүн талап кылган.

Ал эми өзбек тарап болсо “Чек ара бузуп Кыргызстанда кармалган өзбек милиционерин бошотуп берсеңер жана Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычына коюлган кыргыз милициясынын постторун алып салсаңар чыгып кетебиз” деп шарт коюшкан.

Подполковник Бакытбек Жангазиев өзбек тараптын шарттарын кыргыз  жогорку бийлигине жеткирүүгө убада кылып кайткан.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

5 comments

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *