Видео – Кара-Сууда таажывирус жуктуруп алган жарандардын үйлөрүнө хлорду асмандан дрондор менен чачышты

Бүгүн, 28-марттан баштап Бишкектен келген, 9 кишиден турган топ Базар-Коргон районунда айылдарды асмандан хлор чачып дезинфекциялап баштады.

Алгач алар Ош облусунун Кара-Суу районунда таажывирус жуктурган жарандарыбыздын үйлөрүнө хлорду асмандан чачып, дезинфекциялашты.

Эми дрон жана мотодельтапландар өлкөнүн бүт түштүк аймагын акысыз дезинфекциялап чыгышат.

Бул дрондор “Бай-Дыйкан” дыйкандарды колдоо долбооруна тийиштүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *