Жаңы министр Каныбек Исаков парламентте ант берди

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди. Жаңы министрдин антын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Каныбек Исаковду куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалап, мамлекетке ак кызмат менен иштеп берерине ишенерин айтты.

Эске салсак, мурдагы Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өз каалоосу менен кызмат ордунан кеткен.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *