Коменданттык саат киргизилгенден кийинки эрежелер

Бүгүн, 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби жана коменданттык саат киргизилген.

Саат 20:00дөн 7:00гө чейин жарандар көчөгө чыга алышпайт. Коменданттык саат киргизилгенден кийин жөнөкөй жарандар 3 гана себеп менен, дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек , дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу үчүн гана чыга алышат.

Жогоруда аталган аймактардагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишмердигине өзгөчө укуктук режим түзүлүүдө.

Өзгөчө абал режими учурунда коомдук транспорттордо таажывирустун жайылышынын коркунучу бар болгондуктан коомдук транспорттордун кыймылы, анын ичинен жөө жүргүнчүлөрдү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат. Эрежени бузгандар катуу жазаланат.

Конокко баруу, достор менен жолугуу, сейилдөөлөрдүн ж.б. бардыгына тыюу салынды. Жеке компаниялардын кызматкерлерине аралыктан иштөө сунушталат. Ал эми мамлекеттик мекемелер кызматкерлерин атайын транспорт менен үйлөрүнөн алып кетип, кайра жеткизип турушат.

Жөнөкөй жарандар коменданттык саат киргизилгенден кийин сыртка чыгар маалда атайын маршруттук баракчаны толтуруусу зарыл. Ошондой алардын жанында өздүгүн тактоочу документ болушу керек.

Анда төмөнкү маалыматтар колго тортурулган болууга тийиш:

Банкка өтө зарыл болгон учурларда гана кайрылууга болот, алгач алардын өзгөчө абал учурундагы иштөө графигин тактап алганыңыз оң.

Бул маршруттук баракчанын көчүрмөсүн алып, же өздөрү кагазга кол менен жазып толтурса болот.

Үйлөргө тамак жеткирип берүүчү кафе жана ресторандар саат 7:00дөн 20:00гө чейин гана иштешет.

Шаар ичинде жүрүүгө атайын кызматтардын кызматкерлерине гана: дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, шашылыш кызматтар, таштандыларды ташып кетүү үчүн “Тазалык” жана “КомТрансКом” ишканасынын кызматкерлери гана жүрө алышат. Алардын бардыгында атайын талондору болот.

Коменданттык саат киргизилген аймактарда ар тарабынан тосмо бекеттер коюлган. Ал аймакка кирип чыгууга тыюу салынган. Жеринде ӨКМдин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана дарыгерлер иш алып барат.

Аталган чектөөлөр дары-дармектерди, азык-түлүктү жеткирип берүүчү ишкерлерге тиешелүү эмес, аларга «жашыл коридор» берилет.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *