Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери оорукананын администрациясы коронавируска чалдыккан кызматкерлердин санын жашырып жатканын билдиришти

Бүгүн, 2-майда Ош облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери депутаттарга, республикалык штабга жана өлкө жетекчилигине кайрылып, аларга көңүл бурууну суранышты.

Дарыгерлердин ЖМКларга жолдогон кайрылуусунда, оорукананын 20 кызматкери 14 күнгө обсервацияга алынган. Бирок, андан бери 28 күндүн жүзү болду, дарыгерлер дагы деле обсервацияда жатышат. Алар эмне үчүн ушунча убакыттан бери обсервацияда жаткандыгын дарыгерлер билишпейт.

“Биз жардам сурап кайда кайрыларыбызды билбейбиз. Бизге жардам бериңиздер! Коронавирус оорукананын көптөгөн кызматкерлерине жукту, алардын саны 30дан ашты. Оорукананын администрациясы ооруга чалдыккан дарыгерлердин так санын жашырууда. Башка диагноз коюлуп, дарыланып жаткан 8 бейтапка коронавирус инфекциясы дал ушул ооруканадан жуккан. Оорукананын 10дон ашык бөлүмү: реанимация, хирургия, нейрохирургия, ЛОР ж.б. жабылган. Үч врач жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Мындан тышкары, 15ке жакын дарыгер, 20 медайым жана санитаркалар обсервацияда. Оорукана коронавирустук инфекциянын очогу болуп баратат” – деп айтылат кайрылууда.

“Бул көйгөйлөр жөнүндө ачык айта албайбыз. Жумушу жок калуудан коркуп жатабыз. Бүгүнкү күндө коронавирус Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин ооруканаларда, көпчүлүгү Ош облустук клиникалык ооруканасында орточо медперсонал катары иштеген студенттерине дагы таасир этет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен комиссия түзүп, аны Ошко жөнөтүүнү суранабыз” – дейт дарыгерлер.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 200 дарыгер коронавируска чалдыккан, алардын 122си сакайып, ооруканалардан чыгарылган.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *