Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Японияга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти.

Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. 

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *